• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку Кеңеш казино ачууга уруксат берген мыйзамды кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйында депутаттар Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Белгилей кетсек, мыйзам долбооруна 59 депутат «макул», 7 депутат «каршы» добуш берди. Жалпысынан 72 депутат катышты.

2021-жылдын 11-майында Жогорку Кеңештин жыйынында “Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана “Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралып, биринчи окууда кабыл алынган.

Белгилей кетсек, казинону ачууга уруксат берүү мыйзам долбоорунда оюн-зоок жайына чет элдик жарандар гана киргизилип, Кыргызстандын жаранына кирүүгө тыюу салынары жазылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин жыйынында оюн-зоок жайлар өлкө аймагында ачыла турганын жана аны инвесторлор иштете турганын белгилеп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий