• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга түшкөн кийин чогулат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн болжол менен саат 14:00дө кезексиз жыйынга чогулат. Вице-спикер Аида Касымалиев өзүнүн твиттердеги баракчасында билдиргендей, учурда 30 кол чогулган.

"Бир аз көп. Жетиштүү кол чогулду. Жыйын болжолдуу түрдө саат 14:00дө болот", - деп жазган ал.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 22 жаштагы атайын кызматтагы жоокер каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий