• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку Кеңеш Өкмөткө мамлекеттик мүлктөрдү натыйжалуу башкаруу боюнча программа иштеп чыгууну тапшырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеӊеш жыйынында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин натыйжалуу башкаруу маселесине арналган “Өкмөттүк күн” өттү. Жыйынга КР вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушу тапта мамлекеттик мүлктү башкаруу усулун жакшыртуу максатында, бир катар алгылыктуу чаралар көрүлүүдө. Мамлекеттин карамагында «Альфа Телеком», «Манас» эл аралык аэропорту», «Кыргызнефтегаз», «Айыл банк», «РСК банк» сындуу ири компаниялар бар.

«Мамлекет 59 акционердик коомдун мүчөсү болуп саналат. 2017-жылдын 30-ноябрына карата алардан 2 млрд 176 млн сом көлөмүндө дивиденд түшкөн. Ал эми жыл аягына чейин бюджетке 3 млрд 300 млн сом өлчөмүндө каражаттын түшүүсү болжолдонууда», - дейт вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов.

Депутат Алмасбек Акматов Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы “Кызыл гвоздика” балдар лагеринин Ысык-Көл жээгиндеги кичинекей жер тилкесине алмашылып жиберилиши жөнүндө маселе көтөрүп, ал боюнча кылмыш иши козголгондугун тактады.

Депутат Закир Шарапов ”Айдаркен” сымап комбинатын иштетүүгө бел байлап жаткан жергиликтүү инвестор кандай шарт менен иштей тургандыгын сурады. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басарынын айтымында, “Северсталь” аттуу атамекендик ЖЧК 7 миллион долларын жумшап, комбинатты иштетүүгө киришет. Закир Шарапов бул каражат аталган комбинаттын жумушчуларына качантадан бери келе жаткан эмгек акыга болгон карызын дагы жапканга жетпестигин белгиледи.

Бир катар эл өкүлдөрү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчилерин мамлекеттик ишканалар менен кабинетте эмес жеринде барып иш алпарууга чакырды. Ошону менен катар маммүлктөрдү натыйжалуу башкаруу тууралуу программа иштеп чыгуу боюнча тапшырма берүү сунушталды.

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Нурланбек Макеев өлкөдө жүрүп жаткан реформаларды эске алганда мамлекеттик мүлктү башкаруу ишмердүүлүгүндөгү көйгөйлөр чечилбей келе жатканын, тиешелүү программалар иштелип чыкпагандыктан мамлекеттик ишканаларда натыйжалуу башкаруу жүрбөй келгендигин белгиледи. Ошону менен катар, мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгүнө комплекстүү талдоо жүргүзүлбөгөнү, алар боюнча маалымат топтоо менен гана чектелип жатканы айтылды. Маалыматка ылайык, КР Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн аудит боюнча жалпысы 101,7 млн. сомго каржылык мыйзам бузуулар аныкталып, жалпы жонунан 258 кылмыш иши козголгон. Комитет төрагасы депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, Ал Жогорку Кеңештин токтому даярдалгандыгын кошумчалады.

Жыйынтыгында аталган тармактык комитеттин корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий