• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку Кеӊеш өкмөттүн 2018-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылы жүргүзгөн иши жөнүндө маалымат угулуп, талкуу жыйынтыгында Премьер-министрдин отчету канааттандырарлык деп табылды.

Премьер-министрдин отчетун угуу жол-жоболорун жыйынтыктап жатып, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Өкмөттүн 2018-жылдагы иши эки күндөн бери талкууланганын, Өкмөттү колдоо менен бирге, анын дарегине көптөгөн сын-пикирлер айтылганын, бир топ иштиктүү сунуштамалар менен тапшырмалар берилгенин белгиледи. “Отчетто көрүнүп тургандай, Өкмөт өлкө экономикасындагы импорттун өсүү, экспорттун түшүү тенденциясына өзгөчө көӊүл бурушу керек, анын кесепети жакшылыкка алып келбейт”, - деди ал.

Андан сырткары, Өкмөттүн ишинде оӊ жылыштар да бар экенин белгиледи. “Өзгөчө тышкы саясат жаатында кыйла жетишкендиктер болду. Мисалы, жакында эле Россия менен 6 млрд доллардан ашуун келишимдергеге кол коюлду. Европа өлкөлөрү менен 1 млрд доллар инвестициялык келишим түзүлдү. Ушундай инвестициялык келишимлер Кытай менен да түзүлө турганына ишеним бар. Биз мындай жакшы мүмкүнчүлүктөрдү туура жана натыйжалуу пайдаланышыбыз керек”, - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн жыл Кыргызстан үчүн, анын ичинде өлкөнүн экономикасы үчүн кыйла сынаакы мезгил болгонун, Өкмөт түзүлгөн кырдаалды туура баамдап, өтө оор шартта иштегенине карабастан, экономикалык өсүштү камсыз кыла алганын, мында Президенттин, кыргыз парламентинин, аткаруу бийлигинин биргелешип иш алпарганын билдирген.

Өкмөт башы башкы милдет макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү камсыз кылып, калк турмушун жакшыртуу, анын мамлекеттик бийликке карата ишенимин бекемдөө болуп санала турганын баса белгиледи. «2018-жылы экономикалык өсүш болжолдуу көрсөткүчтөн 0,7 пайызга аштын. Жыл жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүмдүн көлөмү 557,1 млрд сомго жетип, иш жүзүндөгү өсүү 103,5 пайызды түздү. Ал эми “Кумтөр” кенин эске албаганда, иш жүзүндөгү өсүш 103,5 пайыз болду”, - дейт ал.

Андан тышкары, макроэкономикалык өсүш 3,5 пайыз деңгээлинде болуп, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасында ИДӨ боюнча Армения менен Казакстандан кийинки үчүнчү орунга чыкканы, ал эми Россияда ИДӨ өсүшү 2,3 пайызды, Беларуста 3 пайызды түзгөнү белгилүү болду. Андан тышкары, орточо эмгек акы 235,6 доллар жана пенсиянын жылдык орточо өлчөмү 80,1 доллар өлчөмүндө болгон. Тилекке каршы, бул ЕАЭБ алкагындагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет.

Өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин басымдуу бөлүгү социалдык көйгөйлөрдү чечүү багытында жумшалган. “Билим берүү тармагына 30 млрд сомдон ашуун каражат жумшалганы белгилүү болду. “Анын натыйжасында 1925 мектеп интернетке кошулуп, 61 мектепте электрондук китепкана ачылды. Мектептер менен бала бакчаларга кезекке туруунун электрондук тутуму ишке киргизилди. Бул багыттагы аракеттер быйыл дагы улантылмакчы”, - деп кошумчалады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйын жүрүшүндө өткөн жылда кетирилген кемчиликтерди эске алуу менен, өлкөнүн экономикасын көтөрүп, карапайым калктын социалдык көйгөйлөрүн чечүү, өлкө экономикасына инвестиция тартып, башталып калган ири долбоорлор менен программалардын ишке ашуусун камсыз кылуу, кылмыштуулукту кыскартуу, анын ичинде коррупциялык жосундарды жоюу, кадр тандоо чараларына көбүрөөк көӊүл буруп, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери көтөрүлдү.

Талкуу жыйынтыгында Өкмөткө мамлекеттик бюджеттин аткарылышын камсыз кылуу максатында, кошумча каржы булактарын таап, бюджет тартыштыгын кыскартуу, инфляцияны төмөндөтүү, инвестиция тартууга жагымдуу шарттарды түзүү, импорттун көлөмүн азайтып, экспортту көбөйтүү, ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын позициясын бекемдөө, аймактарды өнүктүрүү алкагында ырааттуу иш алпарып, айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу жаатында бир катар тапшырмалар менен сунуштамалар берилди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчету угулду. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты. Өкмөт башынын отчету буга чейин баардык тармактык комитеттерде, парламенттик фракцияларда да каралган.

Пикир

Оставить комментарий