• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жогорку Кеңеш Кочкоров менен Жаманкуловдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Премьер-министр тарабынан эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызмат ордуна дайындоого сунушталган Кочкоров Улукбек Тойчубаевичтин талапкерлиги жана маданият, маалымат жана туризм министри кызмат ордуна дайындоого сунушталган Жаманкулов Азамат Капаровичтин талапкерлиги каралды. Аларды депутаттарга биринчи премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды. Анын пикиринде, көрсөтүлүп жаткан талапкерлер жаш, кесипкөй жана тажрыйбалуу кызматкерлер, алар министрликке толук татыктуу.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар мамлекеттик органдарга, айрыкча эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде системалуу коррупциялык жосундар орун алганын, көптөгөн көйгөйлүү маселелер ушул кезге чейин чечилбей келатканын белгилешип, талапкерлерди министрликке дайындалып калышса, көйгөйлөрдү тездетип чечүү жаатында иштиктүү чараларды көрүүгө, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана өз багытында пайдаланууга чакырды.

Депутат Аида Касымалиева бул министрлик «тузу оор» мекеме экенин белгилөө менен бирге, буга чейин кандайдыр бир белгисиз себептерден улам үнөмдөлүп калган 1,5 млрд сом каражаттын дареги менен себептерин тактоо, министрлик сунуш кылгандай, аны автомашина сатып алууга жумшабоо керектигин айтты.

Андан тышкары, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетин көбөйтүү зарылдыгы белгиленди. Депутат Максат Сабировдун айтымында, мыйзамга ылайык, министрликтин бюджети республикалык бюджеттин 3 пайызынан кем болбошу керек эле, тилекке каршы ал азыр 1 пайыздан ашпайт, ошондон улам өлкөнүн маданият тармагын алга жылдыруу кыйын. Биринчи премьер-министр бул маселени бара-бара чечүү аракеттери көрүлө турганын билдирди.

Талапкерлер өздөрү дайындалып жаткан тармактарды дыкат иликтеп чыгып, анда орун алган мүчүлүштүктөрдү жоюуга, өзгөчө кадрларды тандоо жолун жакшыртууга, жалпы коомчулуктан, анын ичинде депутаттардан келип түшкөн сунуштамаларды ар дайым эске алууга убада беришти.

Добуш берүү жыйынтыгында депутаттардын колдоосу менен Улукбек Кочкоровдын талапкерлиги эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрине, ал эми Азамат Жаманкуловдун талапкерлиги маданият, маалымат жана туризм министрине дайындоого жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Улукбек Кочкоров менен Азамат Жаманкуловду эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, Улукбек Кочкоров – Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты, ал эми Азамат Жаманкулов буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп келген.

Пикир

Оставить комментарий