• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку Кеңеш КР Акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахманованын талапкерлигин карайт

Коом 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети КР Акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахманованын талапкерлигин карады.

Атыр Абдрахманованын талапкерлиги “Ишеним”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ынтымак” жана “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциялары тарабынан сунушталган. Белгилей кетсек, парламенттик фракциялар КР Акыйкатчы кызматына талапкерди сунуштоого укуктуу.

Талкуунун жүрушүндө депутат Гуля Кожокулова эгер Акыйкатчы кызматына шайланып калса, өзгөчө аймактарда жарандардын укуктук маселелерин чечүүдө өзүнүн ыйгарым укугун жогорку деңгээлде колдонууну сунуш кылды.

Талкуунун жыйынтыгында, комитет акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахманованын талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүү чечимин кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий