• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жогорку Кеңеш кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди III окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.12.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин депутаттары "Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.

Ал келишимге былтыр 25 декабрда Астана шаарында кол коюлган. Агай ылайык, эки мамлекеттин 1257,07 чакырым узундуктагы чек арасы демаркацияланып жатат.

Бул мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери тууралуу" мыйзамына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында иштелип чыккан.

Учурда эки тарап 1055 чек ара мамыларын орноткон. Анын ичиндеги 537 негизги мамынын 264үн кыргыз тарап, 273үн казак тарап орноткон.

Пикир

Оставить комментарий