• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал киргизүү боюнча токтом кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-мартта Президент Сооронбай Жээнбековдун "КР Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү", "КР Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү", "КР Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү" жарлыктарын бекитүү максатында Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Алгач президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев чыгарылган үч жарлык тууралуу учкай маалымат берип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 3, 4 жана 7-беренелерине ылайык, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында төмөндөгүдөй токтом кабыл алынганын билдирди:

- Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилсин;

- Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалсын;

- Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында комендатура түзүлсүн;

- Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын комендатурасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин;

- Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында төмөнкүдөй өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөлөр жана алардын кошумча милдеттери аныкталсын.

Ушундай эле маанидеги чечим Ош, Жалал-Абад шаарларынын, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыктарда да белгиленгени айтылды.

Жогорку Кеңештин депутаттары аталган үч жарлыкты бекитүүнү толук колдоо менен атайын токтом кабыл алышты. Андан тышкары, Жогорку Кеңештин 19-марттагы токтомуна өзгөртүүлөр киргизилип, депутаттар 15-апрелге чейин өлкө аймактарына чыгып, жергиликтүү тургундар арасында коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечимин кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий