• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку Кеңеш “Министрлер кабинети жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорун талкуулады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 6-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында баяндама жасаган депутат Аалы Карашев жаңы мыйзам долбооруна ылайык Министрлер кабинетинин мүчөсү болууну каалаган талапкердик 10 жылдык мамлекеттик жана мунициалдык кызматтагы эмгек стажы болушу керектигин белгилеп: “Анын ичинен 5 жыл жетекчилик кызматтарда иштеши зарыл. Ошондой эле мамлекеттик кызматкердин ишкерчилик менен алектенүүсү толук чектелип, шайлоо маалында административдик ресурсту колдоно албастыгы так белгиленди. Мындан тышкары, эми министрлер кабинетинин мүчөсүнө кылмыш иши Башкы прокурор тарабынан гана козголот жана буга президенттин макулдугу талап кылынбайт”, – деди.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев министрлер кабинети менен президенттин администрациясы кандай иш алып барарына кызыкты.

Өз кезегинде Аалы Карашев жаңы долбоордо министрлер кабинетинин ишин президенттин администрациясы алып барары көрсөтүлгөнүн белгилеп: “ Мыйзам колдоо тапса айрым структуралар өзгөрөт. Министрлер кабинетинин башчысы президенттин администрациясын жетектейт”, – деп кошумчалады.

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков айрым беренелер боюнча мыйзгам каршы экенин айтып, тактоо зарылчылыгына токтолду.

Ошондой эле депутат Айнура Осмонова: “Структуралык өзгөртүүлөргө байланыштуу кыскартылган кызматкерлер иш менен камсыздалабы?” – деген суроо койду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров: “Жумуш менен камсыздалат, эгер мүмкүн болбой калса бардык төлөмдөр төлөнүп берилет”, – деди.

Талкуудан соң мыйзам долбоору бардык фракциялардын чечимин эске алуу менен экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Ошондой эле жыйында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору да экинчи окууда каралып, добуш берүүгө сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий