• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону өткөрүү күнүн белгилебесе, шайлоо күнү автоматтык түрдө белгиленет - Текебаев

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңеш президент кызматтан кеткенден кийин 7 күн ичинде президенттик шайлоону өткөрүү күнүн белгилебесе, сегизинчи күнү шайлоо күнү автоматтык түрдө белгиленет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев билдирди.

“Шайлоо күнү белгиленбей калса, сегизинчи күнү шайлоо күнү автоматтык түрдө белгиленет. Бүгүн биз талашып кетип калсак, эртең БШК өз ишин баштаганы турат. Бул маселени чече албаганыбыз үчүн биз депутаттар уят болобуз”, - деди ал.

Анын айтымында, депутаттар учурда маанилүү болуп жаткан 3-4 маселени карап чыгып, андан кийин тарап кетиши керек.

Пикир

Оставить комментарий