• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жогорку Кеңеш президенттин Бишкекте өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгын бекитти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Бүгүн мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кенештин кезексиз жыйынында депутаттар президенттин Бишкекте өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгын бекитти.

Вице-спикер Аида Касымалиеванын билдиргендей, жыйынга 62 депутат келген. Жыйынга катышкан депутаттардын баары Бишкекте өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкты бекитүүгө макулдугун берди.

Ошондой эле күн тартибинде Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо маселеси турат.

Эскертке кетсек, Бишкекте өзгөчө абал президенттин жарлыгы менен 12-октябрь саат 20:00дөн тартып 19-октябрь саат 08:00гө чейин экинчи ирет киргизилген. Шаарда коменданттык саат кечки 22:00дөн таңкы саат 05:00гө чейин деп белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий