• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жогорку Кеңеш референдум жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек.12.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун кабыл алып берди.

Мыйзам долбоорунун демигечиси депутат Акылбек Жапаров.

Добуш берүү маалында 64 депутат каттоодон өтүп, анын ичинен 60ы "макул", төртөө "каршы" добуш беришкен.

Мыйзам долбооруна ылайык, эл башкаруунун кандай формасын өзү каалап жаткандыгын тандоо сунушталат: президенттик же парламенттик. Ошондой эле бюллетенге "баарына каршы" графасын кошуу сунушталды.

Референдумду 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий