• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына бекитти. Өкмөттүн курамы

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына бекитти. Ошондой эле депутаттар өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын жактырды.

Садыр Жапаров вице-премьер-министр милдетин аткаруучу Эркин Асрандиев ээлеген кызматынан кеткенин белгиледи. Жаңы өкмөттүн курамына ички иштер министри болуп иштеген Кашкар Жунушалиев кирбейт.

Эскерте кетсек, парламенттин чукул жыйыны " Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.

Токтомго ылайык:

Жапаров Садыр Нургожоевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна;

Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

Мадумаров Акрам Камбаралиевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

Исмаилова Аида Жекшенбаевна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;

Темиралиев Талайбек Асанбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин - министринин кызмат ордуна;

Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызмат ордуна;

Жеенбаева Бактыгүл Жаныбековна - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызмат ордуна;

Чодуев Эркинбек Урайымович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна;

Бейшенов Жанат Саматович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин кызмат ордуна;

Джаманкулов Марат Тургунбаевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна;

Айдарбеков Чингиз Азаматович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна;

Ниязбеков Улан - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызматынын милдетин аткаруучу;

Аскаров Замирбек Марипбаевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна;

Абдикаримов Сабиржан Токтосунович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна;

Исаков Каныбек Абдуваситович - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна;

Кочкоров Улукбек Тойчубаевич - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин кызмат ордуна;

Жаманкулов Азамат Капарович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызмат ордуна;

Осмонбетов Эмиль Кубатович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна;

Исмаилов Алтынбек Джапарович - Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий