• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жогорку Кеңеш сентябрга чейин каникулга тарады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин кечээ, 27-июнда өткөн жыйыны менен, VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин V сессиясы өз ишин аяктады. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жыйын соӊунда расмий жарыя кылды.

Жогорку Кеӊештин төрагасы депутаттар сессия мезгилинде кыйла алгылыктуу иштөө менен, өлкөнүн мыйзамдык базасын чыӊдоого жана өркүндөтүү максатында иштелип чыккан бир катар өтө маанилүү мыйзамдар, токтомдор, чечимдер кабыл алынганын, өлкө экономикасын көтөрүүгө жана калк турмушун жакшыртууга багытталган көптөгөн орчундуу иш-чараларга өткөрүлгөнүн баса белгилеп, алгылыктуу аракеттери үчүн эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Ошентип, Жогорку Кеӊештин Регламентине ылайык, кыргыз парламентинин депутаттары 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алпарышат. Ал эми август айында эмгек өргүүсүндө болушмакчы.

Ал эми Жогорку Кеӊештин келерки сессиясы мыйзам талабына ылайык, сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө өз ишин баштоого тийиш.

Пикир

Оставить комментарий