• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку Кеңеш Соцфонд менен ММКФ бюджетин үчүнчү окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонд менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) бюджетин үчүнчү окууда жактырды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан сунушталган мыйзам долбоорлору боюнча Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов баяндама жасады.

Белгилей кетсек, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн 154 млн 178,6 миң сомго кыскартуу сунушталды.

Ага ылайык, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджети 27 млрд 237 млн 97 миң сом суммасында кирешелерден жана 27 млрд 237 млн 97 миң сом суммасында чыгашалардан турары белгиленди. Ал эми 2024-жылга карата 27 млрд 909 млн 436 миң сом жана 2025-жылга карата 28 млрд 361 млн 58 миң сом болору болжолдонууда.

Ал эми Социалдык фонддун 2022-жылга такталган бюджети кирешелер боюнча 78 млрд 375 млн 625,3 миң сом (ИДПдан 9,5%) суммасында же бекитилген бюджеттен 9 млрд 864 млн 572,9 миң сомго көп түзүлдү. 2022-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 48 млрд 545 млн 46,2 миң сом суммасында күтүлүүдө. Бекитилген бюджетке салыштырмалуу өсүш 6 млрд 855 млн 982,5 миң сомду же 116,4% түздү.

Пикир

Оставить комментарий