• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төраганын Абылгазиевге жазган катасы көп "каты" расмий документ - Жогорку Кеңеш

Коом 0

Бишкек, 04.02.19 /Кабар/. Жогорку Кеңештин аппараты өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен документ (№6-993/19) боюнча иликтөө иштерин жыйынтыктады.

Тилекке каршы, аталган документте чыны менен эле одоно каталар орун алган, деп билдирди парламенттин маалымат кызматы.

– Айрым маалымат булактарында белгиленип жаткандай, бул катты Жогорку Кеңештин төрагасы өз колу менен жазган эмес. Тиешелүү бөлүмдүн кызматкери даярдап, төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле жолу менен коюлган, – деп билдиришти.

– Жогорку Кеңештин жетекчилигине күнүнө жүздөгөн документтер кол коюуга жөнөтүлөт. Алардын арасында сунуш берүүчү мүнөздөгү документтерге көпчүлүк учурда факсимиле жолу менен кол тамга басылат. Убакыттын тардыгынан улам, төрага мындай документтерге кол коюуда өзүнүн жардамчыларына жана адистерге таянат, – деп кошумчалады парламенттин маалымат кызматы.

Аталган кат боюнча кемчилик кетирген кызматкерге карата тиешелүү жаза колдонулмакчы. Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Д.Жумабеков жана Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү бул окуяны өкүнүч менен кабыл алганын билдиребиз.

Нет описания фото.

Пикир

Оставить комментарий