• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жогорку Кеӊеш тарабынан V сессияда 102 мыйзам кабыл алынды – Жумабеков

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊеш тарабынан V сессияда 102 мыйзам кабыл алынган. Бул тууралуу жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков билдирди.

Төрага маалымдагандай, андан тышкары 600 токтом кабыл алынган.

"Депутаттарга жарандардан 20 миңден ашуун кайрылуу келип түшкөн. Эл өкүлдөрү шайлоочулар менен 3 миңге жакын жолугушууларды өткөрүшкөн. Тегерек столдор жана илимий конференциялар өткөрүлдү", - деп билдирди ал.

Жумабеков кошумчалагандай, бир сессияда 102 мыйзамдын кабыл алынышы жакшы көрсөткүч болуп саналат.

Белгилей кетсек, 1-июлдан тарта VI чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин V сессиясы өз ишин аяктады. Жогорку Кеӊештин Регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алпарышып, август айында эмгек өргүүсүндө болушмакчы. Ал эми Жогорку Кеӊештин келерки VI сессиясы сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө өз ишин баштоого тийиш.

Пикир

Оставить комментарий