• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жогорку Кеӊеш транспорт министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин жактырды

Коом 0

Бишкек, 24.01.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин депутаттары транспорт жана жол министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин карап, басымдуу бөлүгү анын кандидатурасын жактырды.

Бейшеновдун кандидатурасы премьер-министри М.Абылгазиев тарабынан сунуш кылынган. Ал өз каалоосу менен отставкага кеткен Жамшитбек Калиловдун ордуна көрсөтүлүүдө.

Талапкерди депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды. Анын айтымында, талапкер буга чейин өзүн транспорт жана коммуникация тармагын өнүктүрүү жаатында кесипкөй жана тажрыйбалуу кызматкер катары көрсөтө алды.

"Жанат Бейшенов өлкөнүн транспорт жана жол тармагын жетектеп кете аларына толук ишенем", - деди Боронов.

Депутаттар азыр Транспорт жана жол министрлигиндеги абал өтө оор экенин белгилөө менен бирге, анда жедеп тамырлап калган коррупциялык көмүскө схемалар орун алганын, паракордук жосундар жоюлмайынча министрликтин иши оӊолбой турганын айтышты. Алардын пикиринде, жолдун сапаты жакшырса, көзөмөл күчөтүлсө, анда жол кырсыктарынын абалы да кыйла азаят.

Бейшенов жоопкерчиликти сезип турганын айтты. Ал жаӊы кызмат ордуна дайындалып калса, министрликтеги коррупциялык жосундарды жоюу боюнча иштиктүү чараларды көрүүгө, тендерлердин өтүшүнө, бюджеттик каражаттын сарамжалдуу жана өз багытында пайдаланышына көзөмөлдү күчөтүүгө убада берди.

Белгилей кетсек, Жанат Бейшенов 1970-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү, 1993-жылы Кыргыз архитектура-курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча бүтүргөн. Кыргыз, орус, англис, чех тилдерин билет. КУУда окутуучу, КР Өкмөтүнүн аппаратында, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде иштеген.

Пикир

Оставить комментарий