• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин 29-сентябрындагы жыйынында депутаттар Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин колдоду.

Депутаттардын 76ы макулдугун, беши каршылыгын билдирди. Жалпы 81 депутат каттоодон өттү.

Кубанычбек Бөкөнтаевди төрагалык кызматка президент Садыр Жапаров сунуштаганын Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов билдирди.

Эскерте кетсек, Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондуна (ЭВФ) Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп барарын айткан.

Пикир

Оставить комментарий