• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жогорку Кеңеш вице-премьерликке Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин бекитти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан жыйында Жогорку Кеңеш вице-премьер-министр кызматына Элвира Сурабалдиеваны бекитти.

Буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Сурабалдиеванын талапкерлигин жактырган.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ант беришет.

Пикир

Оставить комментарий