• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо. Дагы 4 талапкер катышуу ниетин билдирди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясына 2022-жылдын 27-февралында өтүүчү № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө билдирме (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) дагы төрт талапкерден түштү.

БШКнын маалыматына ылайык, Свердлов райондук округу боюнча депутаттыкка талапкерлигин Маматкулов Нурланбек Жолошович, Аспек уулу Азамат, Муртазалиев Абдурахман Шамилевич, ал эми Биринчи май райондук шайлоо округу боюнча талапкерлигин Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич көрсөттү.

Жалпысынан Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого 26 талапкер катышуу ниетин билдирди.

№ 27 Биринчи май округу боюнча талапкерлер:


- Сартаев Анвар Айдарович;

- Токтакунов Нурбек Акбарович;

- Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;

- Сурабалдиева Элвира Жыргалбековна;

- Аматов Рысбай Аматович;

- Акылбеков Русланбек Акылбекович;

- Гапаров Адылбек Абдикаримович;

- Момбеков Рыскелди Чыныбекович;

- Кермалиев Таалайбек Жеңишович;

-Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич.

№ 29 Свердлов округу боюнча талапкерлер:

- Керимбаев Жусубалы Топчубаевич;

- Жолдошова Назгүл Амантуровна;

- Асанбеков Жаныбек Асанбекович;

- Алмамбетова Гуля Идиновна;

- Бейшенбаев Эдил Нурбекович;

- Султанбеков Муратбек Кенешбекович;

- Атазов Шайлообек Карыбекович;

- Карамушкина Ирина Юрьевна;

- Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич;

- Болотбеков Бакытбек Болотбекович;

- Алканова Элнура Сайдиракмановна;

- Бакиров Бакыт Жеентаевич;

- Саадабаев Бакыт Муратбекович;

-Маматкулов Нурланбек Жолошович;

-Аспек уулу Азамат;

-Муртазалиев Абдурахман Шамильевич.

Белгилей кетсек, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2022-жылдын 27-январында саат 18:00дө аяктайт.

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө КР БШКга арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2022-жылдын 30-январында саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп, Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында шайлоочулар баарына каршы добуш берген. Мындан улам кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий