• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жогорку Кеңешке Орозайым Нарматованын ордуна жаңы депутат келди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттык мандаты бош калгандыгына байланыштуу Айгүл Айдарованы “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан шайланган депутат деп таануу чечимин кабыл алды.

Орозайым Нарматованын ордуна келген Айдаровага депутаттык күбөлүк жана төш белги берилди.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова депутаттык мандатынан ажыратылган.

Пикир

Оставить комментарий