• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жогорку Кеңешке шайлоо ачык-айкын жана одоно мыйзам бузууларсыз өтүп жатат – байкоочу

Шайлоо 2023 0


Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) эл аралык байкоочулар тобунун координатору, Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Кутбидин Бурханов Жогорку Кеңешке шайлоого добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын эксперттеринин шайлоого даярдыгы ушул жылдын ноябрь айынын башында башталган.

“Бул айдын башында биз Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыктын жүрүшү менен толук таанышуу үчүн Кыргызстанга келгенбиз. Жалпы 78 эксперт келген. Бул аралыкта биз көптөгөн саясий партиялардын лидерлери, ошондой эле бир мандаттуу округдар боюнча жеке талапкерлер менен жолугушууларды өткөрдүк. Бизде маанилүү сүйлөшүүлөр, консультациялар болду. Саясий күчтөр шайлоонун ачык өтүшүнө кызыкдар болуп жатканы мени кубандырды. Алардын баары элге кызмат кылалы деген терең ниеттерин билдиришүүдө”, - деди ал.

Өтүп жаткан шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу Бурханов парламенттер аралык ассамблеянын эксперттери шайлоо тилкелеринде болушуп, ар тараптуу көзөмөл жүргүзүшүп жатышканын белгиледи.

“Шайлоого даярдык, шайлоо участкаларын уюштуруу иштери жогорку деңгээлде болгонун белгилегим келет. Бүгүн эртең менен шайлоо тилкелери ачылганда айрым шайлоо участкаларында анча-мынча техникалык мүчүлүштүктөр болуп, алар жоюлду. Азырынча шайлоо процессине саясий кийлигишүүнү байкай элекпиз. Баары ачык-айкын өтүп жатат. Шайлоо аяктагандан кийин биз байкоо учурунда аныкталган бардык сунуштарыбызды БШКга жөнөтөбүз”, - деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңештин жаңы курамы 90 депутаттан турат жана аралаш шайлоо системасы менен 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Алсак, Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.

Пикир

Оставить комментарий