• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку Кеңешке шайлоого жарандардын 32,12%ы катышты - БШК

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Саат 20:00гө карата автоматтык эсептөөчү урналардын (АСУ) маалыматы боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 шайлоочунун ичинен 1 миллион 189 миң 493 жаран добуш берди. Бул тууралуу брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, бирдиктүү шайлоо округу боюнча 2266 АСУнун 2494үнүн (90,86%) маалыматы алынды. Добуш берүүгө шайлоочулардын жалпы санынын 32,12%ы катышты.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 2435 АСУнун ичинен 2392нин маалыматы алынды. Жалпысынан добуш берүүгө 3 млн 519 миң 292нин 1 млн 251 миң 624ү келген.

Пикир

Оставить комментарий