• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жогорку Кеӊешnин расмий веб-порталынын мобилдик нускамасы ишке кирди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин расмий веб-порталынын мобилдик нускамасы ишке кирди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндөгү статистикалык маалыматтарга таянсак, парламенттин ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн www.kenesh.kg сайтына кирген интернет колдонуучулардын 15%ы мобилдик каражаттарды жана планшеттерди пайдаланышат. Ага ылайык, мобилдик нускаманы киргизилиши менен сайтты пайдалануу жеӊилдеп, трафик жана убакыттан үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк жаралат. Натыйжада бул жааттагы колдонуучулардын саны дагы 50%га жогорулашы күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, парламенттин сайтын техникалык жактан кайрадан иштеп чыгуу жана мобилдик каражаттарга ылайык оптималдаштыруу, мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын ачык-айкындуулугун арттырууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий