• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖКда А.Орозбековдун 130 жылдык мааракесине арналган илимий-тажрыйбалык конференция өтөт

Коом 0

Бишкек, 30.10.19. /Кабар/. Жогорку Кеңеште көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракесине арналган илимий-тажрыйбалык конференция өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара эртең, 1-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин Чоң жыйындар залында болуп өтүп, ал саат 09:30да башталат.

Конференцияга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар, өкмөт өкүлдөрү, коомдук-саясий ишмерлер катышат.

Абдыкадыр Орозбеков – көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер. Ал 1927-жылдан 1937-жылга чейин Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болгон.

1937-жылы Абдыкадыр Орозбеков жалган жалаа менен камакка алынып, 1938-жылы "эл душманы" деп аталып атылып кеткен. Кийинчерээк 1956-жылы Абдыкадыр Орозбеков толук акталган.

Пикир

Оставить комментарий