• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы сунушталды

Саясат 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы сунушталды. Бүгүн парламенттин күн тартибинде өкмөттүн программасы, тутуму жана курамы каралат.

КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, сунушталган өкмөттүн курамы төмөнкүдөй:

Премьер-министр – Мухаммедкалый Абылгазиев;

Биринчи вице-премьер-министр – Кубатбек Боронов;

Вице-премьер-министр – Замирбек Аскаров;

Вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков;

Вице-премьер-министр – Алтынай Өмүрбекова;

Өкмөттүн аппарат башчысы – Мурат Мукамбетов;

Экономика министри – Олег Панкратов;

Каржы министри – Адылбек Касымалиев (буга чейин иштеп келген);

Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министри – Нурбек Мурашевге (буга чейин иштеп келген);

Транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов (буга чейин иштеп келген);

Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева (буга чейин иштеп келген);

Юстиция министри – Айнур Абдылдаева (буга чейин иштеп келген);

Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев (буга чейин иштеп келген);

Ички иштер министри - Кашкар Жунушалиев;

Өзгөчө кырдаалдар министри – Нурболот Мырзахметов;

Маданият, маалымат жана туризм министри – Султан Жумагулов (буга чейин иштеп келген);

Саламаттык сактоо министри – Космосбек Чолпонбаев;

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова (буга чейин иштеп келген);

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси – Улан Рыскулов (буга чейин иштеп келген);

Байланыш жана маалыматтык технологиялар Мамлекеттик комитетинин төрагасы – Бакыт Шаршембиев;

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет жетекчиси – Эрлис Тердикбаев;

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жетекчиси – Идрис Кадыркулов.

Эскерте кетсек, кечээ, 19-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселеси каралып, добушка коюлуп, 102 депутат макул, 4 каршы добуш берди.

Пикир

Оставить комментарий