• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку Кеңеште Конституциялык палатанын сотторунун санын кыскартуу сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. 13-ноябрдан тарта “КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” КР конституциялык мыйзамынын долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Аталган мыйзам долбоорун депутат Мирлан Бакиров демилгелөөдө.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде айтылгандай, КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы конституциялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу жогорку сот органы болуп саналат жана Конституциянын үстөмдүгүн жана адам менен жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылуучу башкы мамлекеттик институт. Коллегиалдуу тартипте гана чечим кабыл алуучу орган катары анын ишинин натыйжалуулугу судьялардын сандык курамын теңделип белгиленишине да жараша болот.

Ушуга байланыштуу, сунуш кылынган долбоор менен КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын рационалдуу жана натыйжалуу иштөөсүнө жетишүү максатында, анын судьяларынын санын 9 судьяга чейин кыскартуу сунушталат.

«КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата он бир судьядан: Конституциялык палатанын төрагасынан, төраганын орун басарынан жана тогуз судьядан турат.

Ал эми сунушталган мыйзам долбоорунда бул мыйзамдын 5-беренесинин 1-бөлүгүн жаңы редакцияда берүү каралууда, ага ылайык Конституциялык палата тогуз судьядан: Конституциялык палата төрагасынан, төраганын орун басарынан жана жети судьядан турмакчы.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемеси

Пикир

Оставить комментарий