• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин 3-мартындагы жалпы жыйынында депутаттар Конституциянын жаңы долбоорун жана референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун карап жатат.

Кечээ, 2-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду 11-апрелге дайындоону жактырган.

Эскерте кетсек, Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылып, коомдук талкууга коюлган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун 2020-жылдын 20-ноябрындагы жарлыгына ылайык түзүлгөн Конституциялык кеңешме Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип, 2020-жылдын 17-ноябрында коомдук талкууга чыгарылган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоорун карап, талкуулоодон кийин кайра демилгечилердин кароосуна жөнөткөн.

Пикир

Оставить комментарий