• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку Кеңеште Корумду-Балбай жолунун курулушу талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 14-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “2021-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Корумду-Балбай участогундагы Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоорун биринчи окуудан карашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул маселе боюнча Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайыңбаев баяндама жасады.

Анын айтымында, Корумду-Балбай жолунун узундугу 81 чакырым. "Жолдун курулушуна үч эл аралык каржы уюмдарынан 128 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат тартылат. Каржылоонун 35%ын кайтарымсыз каражаттар түзөт. Калган каржылык каражат кредит түрүндө 23 жылга 1,5 жана 2,5 пайыздык ставка менен берилет",-дейт ал.

Министрдин орун басарынын айтымында, Корумду-Балбай жолу 2026-жылы курулуп бүтөт.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окуудан добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий