• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасына тиешелүү мыйзам долбоору каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарында 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” жана “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдардын долбоору талкууланууда.

Жыйын президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Алгач Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы маалымат берип, Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык комиссияларынын ишинин жетишилген жыйынтыктарына токтолду.

Камчыбек Ташиев белгилегендей, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен төмөнкү участокторду Кыргызстанда калтырып жазуу боюнча макулдашылды: Гавасай 12 849 га, Көк-Серек 105 га, Баястан 212 га, Унгар-Тоо 35 га, Кара-Белес 25 га, Ак-Таш 100 га, Шарихан-Сай каналынын бир бөлүгү 19,5 га.

Ал эми Орто-Токой суу сактагычы толугу менен Кыргызстандын карамагында каларын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий