• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку Кеңеште кытайлык туристтерге визасыз режим киргизүү сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 2-ноябрдагы жыйынында депутат Жанар Акаев кытайлык туристтерге визасыз режим киргизүүнү сунуштады.

Анын айтымында, бир топ санкциянын айынан ар бир өлкө каражат тартуунун аргасын издеп жатат.

“Биз дагы андан сырткары калбашыбыз керек. Мына Өзбекстан Кытайдын жарандары үчүн 10 күнгө визасыз режим киргизди. Эки жыл аралыгында ал жакта келген жарандардын саны 1,5 миңдин тегерегинде болсо, азыр 2 миңге жакындады. Муну уккан Казакстан Кытайдын жарандарына 15 күнгө визасыз режим киргизди. Азыр Кытайдын ишкерлери каражатын алып коңшу өлкөгө барып жатат. Бул туристтик виза, ушуну дагы ойлонушубуз зарыл. Турист келет, ал катуу көзөмөлдө болот, анан кайра чыгып кетет. Ушундай бир кадамдарга барышыбыз керек”, - дейт ал.

Акаев эл туура түшүнүшү керектигин айтып, Кытайдын жарандарына эшикти ачып, баары кире берсин деген сөз эместигин белгилейт.

“Туристтер, инвесторлор келет, бизнес ачуу мүмкүнчүлүктөрүн дагы карайт”, - дейт эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий