• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку Кеӊеште парламентинин 2021-жылга чейин өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу маселелерине арналган конференция өтүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылга чейин өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун усулдары менен жолдорун талкуулоого арналган конференция өтүп жатат. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Өнүгүү стратегиясынын келечектүү багыты Жогорку Кеӊештин өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу, көзөмөл иш-милдеттерин тактоо, ошондой эле анын талдоо жана эл аралык алакаларын арттыруу болуп саналат. Андан сырткары, Өнүгүү стратегиясында парламенттин көзөмөл иш-милдетинин натыйжалуугун арттыруу, тармактык комитеттер менен парламенттик фракция катчылыктарынын, ошондой эле Жогорку Кеӊештин Аппаратынын ролун жогорулатуу негизги максаттардын бири катары каралган.

Өнүгүү стратегиясында «Электрондук парламент», «Онлайн-отурум», «Келечектүү иштеп чыгуулар», «Комитет – өзгөрүүлөрдүн», «Натыйжалуу катчылык», «ЖК Аппараты – мамлекеттик кызматтын элитасы», «Жогорку Кеӊештин жаӊы инфратүзүмү» сындуу бир катар алгылыктуу долбоорлор камтылган. Ошондон улам, конференцияда Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун усулдары менен жолдору жаатында атайын баяндамалар угулмакчы.

Эске салсак, өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча түзүлгөн жумушчу топту спикер Чыныбай Турсунбеков менен вице-спикер Алтынай Өмүрбекова жетектеп, жумушчу топтун курамына депутаттар менен Аппарат жетекчилери да кирген. Жогорку Кеӊештин Аппаратында болсо, Өнүгүү стратегиясын аткаруу жана аны ишке ашыруунун пландарын иштеп чыгуу боюнча тогуз жумушчу топ иш алпарууда.

Пикир

Оставить комментарий