• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку Кеңеште Саламаттыкты сактоо министрин ээлеген ордунан бошотуу сунушу айтылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.02.19 /Кабар/. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна алынган кымбат баадагы унаалардын алынышы боюнча депутат Абдувахаб Нурбаевдин протоколдук тапшырмасы каралды.

Жыйын жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев министрлик тарабынан Дүйнөлүк банктын гранттык каражаттарынын эсебинен алыскы райондорго барып кызмат көрсөтүүгө 6-7 орундуу унаа суралганын, анын ордуна "Тез жардам" унаасын сатып алууну сунуштаганын, бирок тез жардамга башка долбоор менен унаа каралып жатат деген жооп болгонун, андыктан, сөз болуп жаткан унаалар мыйзам чегинде келгендигин чечмелеп берди.

Депутат Абдывахаб Нурбаев 6-7 орундуу деп суралган автоунаа жип унаасына "айланып" кеткендигин, медицина тармагындагы кемчиликтерди көрүп-билип туруп, министрдин мындай кадамга баргандыгын сынга алды.

Комитет мүчөлөрү алынып калган кымбат баалуу автоунаанын натыйжалуу пайдалануу жагын өкмөткө тапшырууну сунуш кылышты.

Депутат Каныбек Иманалиев маселе кандай чечилсе дагы, чек арага танапташ аймактардагы элди тейлөөгө унаа пайдаланылса деген сунушун ортого салды.

Мындан сырткары, Дүйнөлүк банк тарабынан берилген гранттык каражаттын пайдаланылышын текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшыруу, КР саламаттыкты сактоо министрин ээлеген ордунан бошотуу сунушу дагы айтылды.

Комитеттин айрым депутаттары министрдин иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүү керек деген ойлорун билдиришти.

Жыйынтыгында, Дүйнөлүк банк тарабынан берилген гранттык каражаттын эсебинен алынган унааларды алыскы аймактардагы элдин саламаттыгына кам көрүү үчүн натыйжалуу пайдалануу боюнча өкмөткө тапшырмалар белгиленген чечим кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий