• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жогорку Кеңеште салык салуудагы мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жактырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 16-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын бириктирилген долбоору каралып, жактырылды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында баяндама жасаган Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча 50 депутаттан 200дөн ашык, ал эми Экономика жана коммерция министрлигинен 100дөн ашык сунуштар келип түшкөнүн билдирди.

“Бизнес өкүлдөрүнөн да 59 сунуш түшүп, анын 20сы кабыл алынды. Мыйзам долбоорунун негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт: биринчиден, чек арадагы куралдуу жаңжалдардан жабыркаган ишкерлердин салык карыздарын кечүү, экинчиден, товарды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн жылдык каражаты 8 млн сомго чейин болуп, кассалык аппаратты колдонуу талаптарына жооп берген чакан ишканалар үчүн мөөнөтсүз салык төлөөдөн бошотуу”, - деди ал.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кошумчалагандай, мыйзам долбоору контролдук кассалык машиналарды жана электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын милдеттүү колдонуу шартында, салык салуунун патенттик системасын оптималдаштыруу аркылуу жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомго чейин товарларды жеткирүүнү, калкка жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүүнү жүргүзгөн субъекттерди салыктарды төлөөдөн бошотууну карайт.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев бул биргелешкен мыйзам долбоору экенин белгилеп, кандай концептуалдык өзгөртүүлөр сунушталып жатканына кызыкты. Өз кезегинде Данияр Амангелдиев маалымдагандай, документте Данияр Төлөновдун баяндамасында айтылган өзгөртүүлөрдөн тышкары, экономиканын тармактарын, анын ичинде айыл чарбасын, креативдүү жана IT-индустриянын курулушун колдоого багытталган нормалар камтылган.

Жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды. Ошондой эле депутат Марлен Маматалиевдин ЭТТН боюнча ишкерлерге карата айып пулдарды 1 жылдык мөөнөткө колдонбой туруу боюнча сунушу колдоо тапты.

Пикир

Оставить комментарий