• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку Кеңеште шайлоо системасын өркүндөтүүгө багытталган талкуу жүрдү

Коом 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун алкагында талкуу жүрдү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин фракция лидерлери, депутаттар, КР Президентинин Жарлыгы менен түзүлгөн шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү жана башкалар катышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров жогорудагыдай мыйзам долбоорун демилгелеп жаткандыгын айтып, буга чейинки болгон шайлоолордун артыкчылыктары менен кемчиликтерине анализ жасоо менен шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында жумушчу жыйын өткөрүлүп жаткандыгын маалымдады. Ал буга чейинки шайлоодогу кемчиликтерди жана башка өлкөлөрдүн шайлоо системасы боюнча тажрыйбаларын эске алуу менен мыйзам долбоорун сунуштап жатканына токтолду. Анда ар бир райондон Жогорку Кеңешке өкүл келишин камсыздоо үчүн республика боюнча 115 округ түзүп, шайлоо тизмесине партиялар менен кошо 5 эркин мандатты (кандидат) киргизүү сунушталып жатат. Мындан сырткары, шайлоо өнөктүгүндөгү агитация иштеринде дебаттардын көп болушун камсыздоо боюнча түзөтүүлөр сунушталган. Ошону менен катар байкоочулар боюнча дагы өзгөртүүлөр киргизилген.

Талкууда “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, депутат Айнуру Алтыбаева баштаган бир катар депутаттар өлкөнү 115 округга бөлүүнү шайлоо системасындагы артка кеткендик катары баалап, каршы пикирлерин билдиришти. Тизмеге 5 эркин мандат боюнча жыйын катышуучулары партия ичинде коррупциялык жагдайларга алып келерин кошумчалашты.

Шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун өкүлдөрү болсо республика аймагындагы шайлоочулар азыркы системасы менен шайлоо биртоп жогору деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилеп, болгону шайлоодо добуш сатып алуу менен административдик ресурс колдонууну четтетүү зарыл деген пикирлерин айтып жатышкандыгын маалымдашты. “Жер-жерлердеги жарандар азыркы шайлоо системасын эле күчөтүп, бекемдөө керек деп жатышат”,- дейт алар.

Депутаттар Абдывахаб Нурбаев, Мирлан Жээнчороев сунушталган мыйзам долбоорунда эл аралык байкоочулар, шайлоо жыйынтыгын иретке келтирүү маселелерин, ал эми Шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун өкүлдөрү агитация жаатындагы түзөтүүлөрдү колдоо алуу зарылдыгын белгилешти.

Талкуунун жүрүшүндө шайлоо системасы боюнча иш алпарган “Смартматик” эл аралык компаниясынын өкүлдөрү шайлоолорду өткөрүүнө техникалык жактан колдоо боюнча презентация жасашты. Анда максималдуу түрдө адам фактору жоюлары айтылды. Бир катар эл өкүлдөрү аталган компаниянын жабдууларынын мүмкүнчүлүктөрүн тактап колдоого алса, айрымдары азыркы автоматташтырылган башкаруу системасы эле туура болоорун белгилешти.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун демилгечиси Мирлан Бакиров талкууда шайлоо системасындагы принципиалдуу маселелер такталгандыгын белгилеп, жогоруда аталган жумушчу комиссия менен долбоор боюнча иштөөгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий