• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жогорку Кеңеште Спорт министрлигин түзүү сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 27-октябрдагы жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев Спорт министрлигин түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, мурунку аптада бир катар депутаттар менен бирге өткөн жыйында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен спорт тармагын бөлүү маселеси көтөрүлгөн.

“Анда талкуулар болуп, спорт тармагын агенттик кылбай эле, министрлик кылып түзүү сунушталган. Бүгүнкү күндө токтом чыгып, төрагага бердик. 1950-жылдан бери спорт тармагына көңүл бурулган эмес. Буга чейин агенттик, департамент жана комитет эле болуп келген. Токтомдо эмне себептен министрлик керек экени жазылды. Бирок өлкөдөгү федерациялардын президенттери, спортчулар дагы кошумча маалымат берип коюубузду суранды. Алсак, азыркы министрликте бир катар тармак (Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты) бар, анын баарына физикалык жактан жетишүү кыйын. Ошол себептен спортко кош көңүл мамиле жасалып калууда”, - дейт ал.

Депутат министрликтин алдында жүздөгөн федерациялар бар экенине токтолду.

“Анын 60ынын дайыны жок, эч нерсе менен алек болбойт. Тилекке каршы, аларга мамлекеттик казынадан жылына каражат бөлүнүп турат. Ал эми 40 пайызы өздөрү каржы булактарын издеп, кайырчы болуп жүрөт. Бул ачуу чындык”, - деди эл өкүлү.

Жамгырчиев коңшу же алыскы өлкөлөр Кыргызстандын улуттук оюндарына кызыгуусу күч экенин белгилеп, дүйнө элине ал оюндарды жайылтууга министрлик керек экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий