• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жогорку Кеңеште Улуттук энергохолдингди жоюу сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.02.19 /Кабар/. Депутат Аида Исмаилова Улуттук энергохолдинг компаниясы менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин жоюуну сунуштады. Мындай пикирин ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн пикиринде, эгерде чындап эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрөлү десек, анда бул эки мекемени жоюп, Энергетика жана отун ресурстары министрлигин түзүш керек.

Ага энергокомпаниялардагы мамлекеттин үлүштөрү өткөрүлүп берилсе, андан да жакшы болор эле, - дейт Исмаилова.

"Ушу тапта Улуттук энергохолдинг компаниясы Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигине өзүнүн туунду энергокомпанияларынан аласаларын өндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылууда. Ал эми аталган агенттиктин жетекчилиги энергокомпанияларга карыздарынан кутулуу жөнүндө кат жөнөттү. Ушундан эле Улуттук энергохолдинг компаниясы кезинде мыйзамсыз түзүлгөн, иштиктүү аракеттерге жөндөмсүз ашыкча түзүм экени көрүнүп турат", - деди депутат.

Эске салсак, буга чейин парламентте депутаттар бир нече жолу Улуттук энергохолдинг компаниясын жоюп, Энергетика министрлигин түзүш керек деген пикирлерин билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий