• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жогорку Кеңеште уранды изилдөөгө жана иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеӊештин жыйынында “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралууда. Демилгечилер – депутаттар Сулайманов А.Т., Шыкмаматов А.Н., Керезбеков К.К., Абдылдаев М.Ю., Турусбеков Б.С., Бекешев Д.Д., Жунус уулу Алтынбек.

Мыйзам долбоору боюнча тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев баяндама жасады. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору менен уран, торий аралашкан кендерди изилдөө, чалгындоо, иштетүүдөн сырткары, сырттан алып кирүүгө дагы тыюу салынат. Ошондой эле бул багытта берилген лицензиялар жокко чыгарылат.

Талкууда өлкө аймагында уулуу калдыктар сакталган 92 жай бар экени, аларда жалпысы 300 миллион тоннадан ашык калдык бар экени такталды. Депутаттар Садык Шер-Нияз, Бактыбек Турусбеков экономикасы күчтүү Жапония, Украина сыяктуу өлкөлөрдө уран, торий кен казуулары боюнча ар кандай кесепеттерге тушугуп жаткандыгын мисалга тартып, мыйзам долбоорун колдоого алышты. Ал эми депутат Улукбек Ормонов уран, торий кендерин казууга каршы эмес экенин, бирок мыйзам долбоорундагы бир пункт менен бул багытта иштеп келген ишканаларда канчалаган жумушчулар жумушсуз калаарын, дал ушул багытта өндүрүштө иштеген адистердин пикирин угуу керектигин белгиледи.

Депутат Исхак Пирматов уран, торий кендерин казууну көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдар бүгүнкүдөй мүмкүнчүлүккө ээ болуп турганда уран, торий кендерин казууга каршылыгын билдирди. «Депутат У.Ормоновдун пикиририне кошулам. СССР маалында иштеп турган заводдордо көзөмөл өтө катуу болгондуктан, көйгөй жаралган эмес. Бирок бүгүнкү абал башкача. Жашыл экономикалуу, таза продукт чыгарган өлкө брендине жетүүбүз керек»,- дейт депутат.

Демилгечилердин бири депутат Алмамбет Шыкмаматов ошол СССР маалында казылган кендердин калтыктарынын кесепеттери бүгүн чыгып жаткандыгына токтолуп: «Калдык сактоочу жайлардан дагы алда канча зыян келе. Андыктан, мындай жагдайда экономиканы бетке кармоого болбойт»,- дейт. Мындай пикирди улаган депутат Кожобек Рыспаев уран, торий сыяктуу радиактивдүү кендердин калдыктарын сактоочу жайлардын пайда болушуна шарт түзбөшүбүз керек дейт.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий