• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Жаӊы депутат Эркин Жолдошалиев парламентте ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдиргендей, “Өнүгүү - Прогресс” саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Эркин Жолдошалиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Абдумажит Юсуровдун ордуна келди.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жалпы депутаттардын атынан Эркин Жолдошалиевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин статусу жөнүндө” мыйзамдын жоболоруна ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий