• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку Кеңештин 22 кызматкери декларацияны өз убагында тапшырган эмес. Толук тизме жарыяланды

Экономика 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. КР Мамлекеттик салык кызматы 2018-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тизмесин жарыяланды

Декларацияны өз убагында тапшырбагандардын тизмеси www.sti.gov.kg сайтында “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды декларациялоо" рубрикасында жарыяланды.

Ушул жылдын 3-октябрына карата 1202 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырган эмес.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандардын жалпы санынын көбү жергиликтүү органдардын кызматчылары жана адистери болду, бардыгы – 980 декларант.

Тизмеде Мамлекеттик каттоо кызматынын (25), Жогорку Кеңештин (22), Эмгек жана социалдык министрлигинин (16), Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (16), Финансы министрлигинин (13), МСК (12), Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин (10), Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (10), Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (7), Юстиция министрлигинин (7), Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин (7), Бажы кызматынын (6), Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин (6), Тышкы иштер министрлигинин (6), Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармасынын (6) жана башка органдардын кызматкерлери да бар.

Эскерте кетсек, салык декларациясын тапшырууу мөөнөтү жыл сайын 1-апрелде аяктайт.

Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тизмеси менен салык кызматынын сайтынан (http://www.sti.gov.kg/decl_dolj) таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий