• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Баткен облусунда жүрөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Баткен облусунда жүрөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Марлен Маматалиев депутаттык топ кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал менен жеринде таанышканын билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун жана депутаттардын атынан кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүлдү.

“Калкка бардык жагынан колдоо жана жардам көрсөтүлөт”, - дейт Маматалиев.

Эл өкүлү азыркы учурда адамдар биринчи зарылдыктагы товарларга жана азык-түлүк продуктуларына муктаж экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий