• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы коронавирус жуктуруп алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазган.

Анын айтымында, дем алыш күнү дене табы көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу ал үйдө иштеп жаткан. Жумушка чыгар алдында ал коронавируска тест тапшырып, бүгүн дарыгерлер анда коронавирус аныкталганын билдиришкен.

“Буга байланыштуу дагы 14 күн үйдөн чыкпай иштейм. Мени менен жакын байланышта болгон Жогорку Кеңештин басма сөз кызматындагы башка кесиптештерим да дистанттык иш тартибине өтүүдө. Буга байланыштуу эртеңки иш-чараларыбыз түз эфирде чагылдырылбайт. Кесиптештеримдин баардыгынын анализи таза чыкса, келерки аптадагы жыйындарды толук чагылдырабыз деген үмүттөбүз. Биз менен чогуу аппараттын жана иш башкармалыктын бир катар кызматкерлери, айрым депутаттар да бүгүн кечке маал тест тапшырышты. Жыйынтыктары бир-эки күндө белгилүү болот”, - деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий