• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК депутаттары казинону мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзамдардын долбоорлорун биринчи окууда карап, колдоду.

Мыйзам долбоорлору боюнча КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Улан Сарбанов маалымат берди.

Мыйзам долбоорлору инвестицияларды тартууну стимулдаштыруу жана КР республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан. Долбоорго ылайык Кыргызстандын аймагындагы оюн-зоок жайларынын ишинин, оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук негиздери, негизги түшүнүктөр, оюн-зоок жайларын түзүүнүн жана күтүүнүн тартиби, кумар оюндарын уюштуруу жана аны лицензиялоо, кумар оюндарын уюштурууну жана өткөрүүнү контролдоо жана оюн-зоок ишинин субъекттеринин жоопкерчилиги аныкталган.

Кыргызстанда кумар оюндары лицензияланган ишкердиктин түрү болот жана лицензиялар акы төлөнүүчү негизде берилет. Долбоордо лицензиялык төлөө өлчөмүн КР министрлер кабинети аныктоосу сунушталган.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорунан онлайн казино жана оюн автоматтарын алып салуу керектигин белгиледи. Ал оюн-зоок жайларынын кардарлары жалаң чет элдик жарандар болушу керектигин кошумчалады.

Депутат Чыңгыз Ажибаев казинолордон бюджетке түшкөн каржылык кирешенин алдын ала эсеби боюнча суроо берип, мыйзам долбоорлорунан онлайн казинолорду да алып салуу керектигин баса белгиледи.

Депутат Марлен Маматалиев, Жаныбек Кыдыкбаев, Жанарбек Акаев КР жарандарынын оюн-зоок жайларынын кардары болуп калбашы үчүн кепилдик берүү маселесин көтөрүштү. Алар сунушталган долбоорлордун нормаларын бузгандыгы үчүн казино ээлеринин жоопкерчилиги тууралуу маселени козгошту.

Депутат Динара Ашимова мыйзам долбоорлоруна каршы чыгып, Кыргызстандын жарандарына казинодо ойноого тыюу салуу механизмин көзөмөлдөө кыйын экенин айтты.

Мыйзам долбоорлору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий