• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку Кеӊештин депутаттары Евразия парламентчилери менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеӊештин депутаттар тобунун демилгеси менен эки күндөн бери Бишкек шаарында өтүп жаткан “Парламенттин ишинин натыйжалуулугун арттыруу үчүн мониторинг жана баа берүү” темасындагы Евразия парламентчилеринин аймактык форумунун катышуучулары Жогорку Кеӊештин вице-спикери Мирлан Бакиров башында турган депутаттар тобу менен жолугушту. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары Н.Никитенко, А.Касымалиева, А.Самигулина, А.Аскарова, А.Карашев, М.Аманкулов жана Б.Сулейманов катышты.

Вице-спикер М.Бакиров жалпы эле парламенттердин ишинин натыйжалуулугун арттыруу үчүн баа берүү жана мониторинг жүргүзүү маселеси күндүн темасына айланган актуалдуу маселе экендигине токтолду. Ал эки күндөн бери өтүп жаткан аталган форумда баардык тараптарга пайдалуу демилгелер, сунуштар көтөрүлүп, алгылыктуу натыйжалар болгондугун баса белгиледи. Ошону менен катар М.Бакиров меймандарга Жогорку Кеӊештин ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия парламентчилеринин аймактык форумунун катышуучулары Бишкекте өткөн бул иш-чара парламенттердин ишинин натыйжалуулугун арттырууга эӊ мыкты аянтча болуп бергендигин баса белгилешип, Жогорку Кеӊеш депутаттарына ыраазычылыктарын билдиришти. Ошону менен катар форум өз максатына жеткендиги айтылды.

Иш-чарага катышкан Жогорку Кеӊештин депутаттары Кыргызстандын форумга катышкан өлкөлөр менен көптөгөн жалпылыктары бар экендигине токтолушуп, андыктан бул регионалдык форумдун иши улантылып, өз жемишин бериши керектигин белгилешти.

Белгилей кетек, 2015-жылы Непалда Баа берүүнүн эл аралык күнү белгиленип, анын жыйынтыгында Парламентчилердин глобалдык форуму түзүлгөн. Кыргызстанда алгачкы жыйынын өткөрүп жаткан Евразия парламентчилеринин аймактык форуму анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат. Форумдун ишине Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү менен мамлекеттик органдардын жетекчилери, Парламентчилердин глобалдык форумунун башчысы Кабир Хашим баштаган бир катар чет өлкөлөрдүн парламентчилери, ЮНИСЕФ, ЮНФПА, Мониторнг жана баалоо сындуу бир катар эл аралык уюмдар менен жарандык коомдун өкүлдөрү, жергиликтүү жана эл аралык серепчилер катышты.

Пикир

Оставить комментарий