• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулдан кайтып келишти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.09.22./Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги сессиясынын ачылышы өттү.

Алгач Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сессияны ачык деп жарыялап, андан соң Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин регламентинин 34-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий