• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирусту жуктуруп алды деген маалымат чындыкка дал келбейт - министр

COVID - 19 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирусту жуктуруп алды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Министрге Жогорку Кеңештин 3 депутаты COVID-19 вирусун жуктуруп алгандыгы тууралуу суроо берилген.

"Жок. Бул маалымат чындыкка дал келбейт", - деди Абдикаримов.

7-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 228ге жетти. Алардын ичинен илдеттен 23 адам айыкты жана коронавирус жуктуруп алган 4 жаран каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий