• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жогорку Кеңештин депутаттары Москвада Мамлекеттик Думанын депутаттары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. 27-февралда Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Канатбек Исаев, Тынчтыкбек Шайназаров, Марат Аманкулов, Евгения Строкова, Талант Мамытов, Бактыбек Турусбеков жана Гүлнара-Клара Самат Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынын Мамлекеттик Думасынын депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине барган президент Сооронбай Жээнбековдун иш сапарынын алкагында уюштурулган.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгүн өөрчүтүү жана Эриш-аркак жылынын алкагында бир катар маданий-гуманитардык иш-чараларды биргелешип өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Депутаттар эки өлкө ортосундагы байланыштарды чыңдоодо парламенттик дипломатиянын жана кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилешип, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын уюштуруу багытындай ойлору менен бөлүштү.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылыш аземине күбө болушту.

Пикир

Оставить комментарий