• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку Кеңештин депутаттары Ош шаарында көчмө жыйын өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 20.12.22./Кабар/. Кечээ, 19-декабрда Ош шаарында Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Сүйүнбек Өмүрзаков, Искендер Матраимов, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, Алишер Эрбаев, Алишер Козуев, Карим Ханджеза, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, шаардык кеңештин депутаттары, укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилери, МАБ башчылары, тургундар катышты.

Жыйында прокуратура, укук коргоо органдарынын жетекчилери кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, коррупцияга каршы күрөшүү багытында учурдагы абал боюнча маалымат беришти.

Жыйындын экинчи маселесин кароонун алкагында Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев сел жана суу ташкындары учурунда шаарды ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Ошондой эле талкууланган маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий