• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу төрагага ишеним көрсөтпөө үчүн кол топтоодо

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу төрага Канатбек Исаевге карата ишеним көрсөтпөө үчүн кол топтоодо. Бул тууралуу журналисттерге депутат Сайдулла Нышанов билдирди.

Нышанов 80 депутат макулдугун бергенин уккандыгын айтат. Депутат ишеним көрсөтпөөнүн себебин Канат Исаевдин Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенден кийин президенттин милдетин аткаруудан баш тартуусу менен түшүндүрдү.

"Эгер Садыр Жапаров президенттик шайлоого кете турган болсо, бийлик кимдин колунда калат? Артем Новиковго милдет жүктөлөт деп айтууда. Ал 35ке чыга элек. Биз кризиске бара жатабыз. Мындан улам элдин нааразычылыгы күчөөдө", - дейт депутат.

Нышанов азыркы учурда ким спикер болорун так билбей турганын айтты.

"Депутаттардын тобу Талант Мамытовду колдоп жатканын уктум", - деди Нышанов.

Пикир

Оставить комментарий